Жарандарды электр жарыгын ыксыз пайдаланбоого чакырууда
Новость www

"Кыргызстан Улуттук электр тармагы" ишканасы жарандарды электр жарыгын ыксыз пайдаланбоого чакырууда. Мекеме жакынкы күндөрү боло турган сууктан улам энергияны керектөө жогорулап, жабдууларга кыйынчылык келет деп кооптонуп жатат. 6-январь күнү электр энергиясын суткалык керектөө Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу эң жогорку чекке жеткен.