Балбак Түлөбаев: "Бишкекте муктаждар үчүн үй курулат"
Новость www

Бишкекте томолой жетим балдар жана туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн үй курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди. 

Айтымында, көп кабаттуу үй салуу үчүн "Учкун" кичи району менен Ленин районунун аймагында жер тилкеси каралууда. Курулуш үчүн 50 сотык жер каралып, ал 200 орунга ылайыкталат.