Конституциялык кеңешме: Президенттик аппараттын жетекчиси өкмөттү да жетектейт
Новость www

Президенттик аппараттын жетекчиси өкмөттү да жетектейт. Бул тууралуу бүгүн өткөн Конституциялык кеңешменин пленардык жыйынында айтылды. 

Мындай өзгөртүү президент өзүнүн администрациясы менен чогуу жоопкерчилик тартат деген максатта киргизилгенин Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.