Пандемия шартында үй-бүлөлүк зомбулук мурдагы жылга салыштырмалуу 70 пайызга өстү
Новость www

Коронавирус дүйнө жүзүн каптап калайыктын башына каран күн түшүп турган маалда үй-бүлөлүк зомбулук өскөнүн расмий маалымат сайттары кабарлап келет. 

Былтыркы жылы катталган сандар, мурдагы жылга салыштырмалуу 70 пайызга көбөйгөнүн тастыктап турат. Албетте бул ачыкка чыгып, зомбулук көргөнүн жашырбай айтып чыккандардын гана саны. Ал эми ар бир дарбаза артында кандай окуялар болуп атканын эч ким божомолдой албайт.