Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов 87 жашында дүйнөдөн кайтты
Новость www

Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районундагы Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. Акын 1960-жылдардан бери чыгармачылык багытында үзүрлүү эмгектенип келген. 

Рамис Рыскуловдун алгачкы чыгармалар топтому «Жаз» деп аталган. Ошондой эле Пушкин, Маяковский, Некрасовдордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Рамис Рыскулов бир гана акын эмес, сүрөтчү да болгон. Ага 1995-жылы «КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы берилген. 1996-жылы «Кыргыз Эл акыны» наамы ыйгарылган.