Коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдык. Дарыгерлер үчүн окутуулар башталды
Новость KTRK/videograp

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди жана медайымдарды коронавирустун жаңы толкунуна даярдоо үчүн окутууну баштады. 

Окутуу министрликтин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин жетекчилиги астында 2-февралдан 2-мартка чейин өтөт. Анда убактылуу клиникалык колдонмонун төртүнчү нускасынан баштап бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо боюнча сунуштарга, ошондой эле кычкылтек терапиясы сыяктуу ыкмаларга көңүл бурулат. Мындан тышкары алар COVID-19 менен ооруган адамдардагы оор учурларды талкуулашып, кеңеш берүүнү уюштурушат. Адистер жаз мезгилинде коронавирустун жаңы толкуну башталышы мүмкүн экенин айтышууда.