Суу тартыштыгынан улам Бишкек ЖЭБи да электр энергиясын өндүрүүнү кеңейтти
Новость www

Бишкек жылуулук электр борбору суткасына 10 миллион киловатт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууда. Мындай көрсөткүч соңку 20 жылдан бери алгачкы жолу катталып отурат. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам ЖЭБ электр энергиясын иштеп чыгууну кеңейтти.

Жылуулук электр борборунда негизинен Кыргызстан менен Казакстанда казып алынган көмүр жагылат. Аны колдоноордон мурда сапаты текшерилиши шарт.