Айжан Садыркулова Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат
Новость www

Айжан Садыркулова Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат. Кызматка дайындоо боюнча Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.