Түркия Ош облусунун аймагына заманбап эл аралык аэропорт курууга кызыкдар
Новость www

Түркия Ош облусунун аймагына жаңы заманбап эл аралык аэропорт курууга кызыкдар. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жаңы аэропорттун курулушу пландалып жаткан жер менен таанышты. Бул үчүн дубандын Кара-Суу районунун Мады айылынан 10 гектар жер бөлүндү.

Мындан мурда, Кытайлык жеке компания Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыкдар болуп жаткан, бирок аэропорттун стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен эмес. Азыркы учурда бул багытта иштер жүрүп жатат.