ӨКМ: Ош облусунда өткөн суткада эки жер титирөө катталды
Новость www

Ош облусунда өткөн суткада эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17:57де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Өзгөн районунун Жийде, Ор-Казган айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.