Пневмония диагнозу менен дарыланып жаткан жыйырмадан ашуун баланын абалы оор
Новость www

Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев "Азаттык" радиосуна билдирген.  

Узакбаевдин айтымында, алардын ичинен 15инин диагнозу такталды:

"Тилекке каршы, жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болууда. Алардын арасында Кавасаки синдрому менен ооругандары да бар. Бактыга жараша, баары оорудан айыгып чыгууда",-деп билдирди Узакбаев.

Учурда өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.