Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси камалды
Новость www

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы бухгалтери камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

Соттун 12-февралдагы токтомуна ылайык, ага карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынды. Эсепчи УКМКнын тергөө абагына 10-апрелге чейин сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө камакка алынды. УКМК тарабынан муфтияттын каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталган.