Өлкө аймагында февраль айында уй, кой жана жылкынын этине болгон баа кымбаттады
Новость www

Чекене баага күнүмдүк мониторингдин негизинде 2021-жылдын январына салыштырмалуу 11-февралда өлкө аймагындагы уй, кой жана жылкы этинин орточо баасында өзгөрүүлөр бар. 

Бул атайын талдоонун негизинде байкалды. Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, өткөн айларга салыштырмалуу уй этинин баасы республика боюнча 3 сомго, же 0,6 %га, кой этинин килограммы 8 сомго же 1,9 %га, жылкы эти 2 сомго же 0,6 %га кымбаттаган. 

Уй этинин эң кымбат баасы Ош шаарында - 452 сом, кой этинин эң кымбат баасы Кара-Суу шаарында - 470 сом, жылкы эти Нарын шаарында 445 сомго бааланган. Ошону менен катар уй жана кой этине төмөнкү баа Манас районунун Покровка айылында 374 сом, жылкы эти Кара-Суу шаарында 300 сом болуп катталган.