Талас районунун Арал айылында көлмөдөн баласын куткарам деп энеси да чөгүп кетти
Новость www

Талас облусунун Талас районунда 14-февраль күнү саат 16:56 чамасында Арал айылында көлмөгө 2018-жылы туулган жаш бала  чөгүп кетип, баласын куткарам деп 1996-жылы туулган баланын апасы да кошо чөгүп кеткен. 

ӨКМдин өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин баланын атасы, баланын жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.