КР - РФ: Эки тараптуу келишимдерге кол коюлду
Новость www

Кыргызстан кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын, айрыкча, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берет. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында мамлекет башчысы өлкөдөгү белгиленген конституциялык реформалардан кийин жүзөгө ашырылышы мерчемделип жаткан экономикалык мүнөздөгү өзгөрүүлөрдү тизмектеди.