Казакстан Кыргызстанга ок-дары түрүндө жардам көрсөтөт жана радиолокациялык станция берет. Ошондой эле Казакстанда билим алууну каалаган кыргыз жаштарына орундардын саны көбөйтүлдү. Андан сырткары чек арадан өтүүдөгү шарт-талаптар жеңилдейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга болгон мамлекеттик сапардын жыйынтыктары тууралу уюштурулган брифингде маалымдады.
Казакстанга болгон мамлекеттик сапардын жыйынтыктары тууралуу тышкы иштер министринин маалыматы
4 Март 2021
, 21:30
643