Садыр Жапаров Ташкент шаарындагы "Көз карандысыздык жана гуманизм" монументине гүл койду
Новость www

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкенттин "Эгемендик" аянтындагы "Көз карандысыздык жана гуманизм" монументине гүл койду.

Мамлекет башчысы ардактуу кароол ротасынын жоокерлеринин коштоосунда монументке гүл койду.