Өмүрбек Суваналиев Өзбекстандын Сох анклавына коридор берилди делген маалыматты төгүндөдү
Новость www

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары алкагында Баткен облусу менен коңшу өлкөнүн Фергана облусу ортосунда өз ара аракеттенүү, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлуп, жол картасы аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди. 

Ал социалдык түйүндөрдө талкууланып жаткан Өзбекстандын Сох анклавына берилди делген коридор боюнча маалыматты төгүндөп, кичи учактардын учуусу үчүн аба каттамына уруксат берилип, чек ара өткөрүү пункттарын ачууга гана макулдашылганын айтты.