УКМК: музыкалык шаймандарды сатып алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды
Новость www

Таластагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына аппаратураларды алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын УКМК билдирди. 

Ыкчам-тергөө учурунда музыкалык шаймандардын баасы 10 миллион сомдон ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды. Такталгандай, мамлекеттик сатып алуулар процедурасы аркылуу Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жана экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери жеке компаниялардан 25 миллион сомго музыкалык аппаратураларды сатып алышкан. 

Учурда мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.