Кыргызстанда бир суткада коронавирус 73 адамдан табылды
Новость www

 Кыргызстанда бир суткада коронавирус 73 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

 Маалыматка ылайык, Бишкекте - 58, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда- 2, Ысык-Көл облусунда -7, Жалал-Абад облусунда - 5 киши инфекция менен катталган. Ал эми бир сутка ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. 

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 446 бейтап, амбулатордук түрдө 360 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 

Жалпы өлкө боюнча тумоо 87 миң 462 адамга жуккан. Алардын ичинен 84 миң 223 киши айыгып чыкса, 1 миң 490 киши оорунун курмандыгы болушту.