Россиянын төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттамдар ачылат
Новость www

Россиянын дагы төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттамдар ачылат. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди. 

Кыргыз тарап "Норд Винт" авиакомпаниясы менен чертердик каттамдарды уюштурууга макулдашкан. Жаңы авиакаттамдар Казань — Бишкек — Казань, Нижний Новгород — Бишкек — Нижний Новгород, Самара — Бишкек — Самара, Пермь — Бишкек — Пермь багыттары боюнча аткарылат. 

Авиакомпания аталган шаарларга жумасына бир жолудан каттам уюштурат.