Сунушталып жаткан Баш мыйзамда сот бийлиги главасына олуттуу өзгөрүүлөр камтылды
Новость KTRK/videograp

Сунушталып жаткан Баш мыйзамда сот бийлиги главасына олуттуу өзгөрүүлөр камтылды жана бул бөлүм маанилүү он бир беренеден турат. 

Биринчи кезекте соттордун көз карандысыздыгын камсыздоону кепилдеген жагдайлар, кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу кабыл алына турган чечимдер жана башка маанилүү ченемдер бар. 

Ошол эле учурда Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык Конституциялык сот кайрадан киргизилди жана Сот адилеттиги иштери боюнча жаңы Кеңеш түзүлөт.