Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
Новость www

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-февралында кабыл алган. Негизги максаты - мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү мекемелеринде инклюзивдик билим берүүнү киргизүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү жаатындагы айрым ченемдерди тактоо.