УКМК төрагасы чек ара маселелерине байланышкан такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды
Новость www

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу райондору менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары менен жолукту. 

Анда Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары айтылды.

Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу райондорунун жана Жалал-Абаддын Сузак районунун тургундары менен жолугушкан учурда УКМКнын төрагасы чек ара маселелерине байланышкан такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.