"Таксим" кафесинин айланасындагы чыр дагы деле бүтө элек
Новость www

Чүй проспектисиндеги "Таксим" кафесинин айланасындагы чыр дагы деле бүтө элек. Бүгүн кафенин кожоюну маалымат жыйынын өткөрүп, аны ижарага алып иштеткен түрк ишкери менен пикир келишпестиктер болгонун айтып чыкты. Ал эми чет элдик ишкер кожоюндун жоруктарын мыйзамсыз деп эсептейт. Ленин райондук соту кафе ээсинин пайдасына чечим чыгарган. Бирок чет элдик ишкер шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган. Тил табыша албай жаткан тараптардын оюн кабарчыбыз угуп келди.

Эрнис Акматов өзүн кафенин кожоюну Чынара Султанкулованын атасымын деп тааныштырып, 2009-жылдан бери кафени ижарага алып иштеткен түрк ишкери менен болгон чырды төгүндөдү. 12 жылдан бери 100 чарчы метр жер үчүн айына 20 миң сом төлөп иштетип келген Али Ифлаз оглу кафе ээсине акча карыз экенин айтып чыкты. 

Маалымат жыйынга кафенин ээсинин жактоочусу да келип, кафедеги мыйзамсыз курулган кошумча курулуштарды бузуу тууралуу Ленин райондук сотунун чечими бар экенин билдирди. Анын айтымында ишкер 2020-жылдын май айынан ноябрга чейин ижара акысынан бошотсо, 2021-жылдын 15-майына чейин кафени мурдагы абалында бошотуп бере турганын, мыйзамсыз курулуштарды буза турганын айтып убада берген.