Бишкектеги "Таксим" кафесинин ээси менен аны ижарага алган түрк ишкеринин ортосундагы талаш
Новость www

Бишкектеги "Таксим" кафесинин ээси менен аны ижарага алган түрк ишкери Али Ифлазоглунун ортосундагы талаш маселе дагы деле акырына чыга элек. 

Кафенин кожоюндарынын билдиргенине караганда ижарага берүү тууралуу келишим 2010-жылдан 2020-жылдын ноябрь айына чейин түзүлгөн. Келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алар өз мүлкүн кайтарып берүүнү талап кылышууда. Экинчиден ижарага алган адам архитектуранын, экотехинспекциянын чечимдерисиз, кожоюндардын макулдугусуз эле курулуштарды мыйзамсыз негизде кеңейтип салган. 

Мындай аракеттер боюнча Ленин райондук соту, кафенин документинде каралбаган кошумча курулуштар бузулсун деген чечим чыгарган. Бирок түрк ишкери келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө карабай мүлктү ээсине кайтарып берүүдөн да, соттун чечимин аткаруудан да баш тартып жатат.

"Ал менен 2018-жылга чейин конфликт болгон эмес. Баары жакшы болчу. Анан ал ижара мөөнөтү бүткөндө чыкпайм деп койду. Биз аны узарткан жокпуз",- деди Бишкек шаарынын тургуну Эрнис Акматов.