Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна Кыргызстандын жарандарын кабыл алуу башталат
Новость www

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна 12-апрелден тартып 14-майга чейин бакалавр жана магистратура программалары боюнча Кыргызстандын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Сынактык тандоого Кыргызстандын жарандары гана катышып, абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат. 

"Институтка Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган талапкерлер Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт", — деп айтылат маалыматта. 

Сынактык тандоонун эрежелери менен ТИМдин жана Дипломатиялык академиясынын сайтынан таанышууга болот. Сынакка катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт.