“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алына элек
Новость www

“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алына элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Бишкек - Ош жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 31-мартта саат 19:30дан тартып Жайыл районунун “Сосновка” жана саат 20:15тен тартып Токтогул районунун “Арал” постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.