Июнь окуясы боюнча материалдар изилденет
Новость www

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, жабыркаган кайгылуу июнь окуясы боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды. 

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырылды.