Кыргызстанда бир суткада коронавирус 172 адамдан табылып, 4 киши каза болду
Новость

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 172 адамдан табылып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 124, Чүй облусунда - 33, Ош шаарында - 2, Ысык-Көл облусунда - 10, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарында бирден кишиден илдет аныкталды. Ал эми бир сутка ичинде 87 адам коронавирустан айыгып чыкса, 625 бейтап стационарларда дарыланууда. Соңку бир күндө өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. 

Пандемия башталгандан бери 4 миң 266 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп, алардын 4 миң 206сы айыгып чыкты. Жалпы өлкө боюнча 89 миң 014 адам тумоону жуктуруп, алардын ичинен 85 миң 164 киши айыгып чыкса, 1 миң 506 адам каза болду.