Мамлекеттик салык кызматы акыркы үч айда 21 миллиард сомдон ашуун салык жана төлөмдөрдү чогултту
Новость

Мамлекеттик салык кызматы акыркы үч айда 21 миллиард сомдон ашуун салык жана төлөмдөрдү чогултту. 

Маалыматка ылайык, белгиленген пландан 1 миллиард сомго ашык жыйналган. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миллиарддай көп чогулган. Үч айлык салыктын 17 миллиард сому республикалык бюджетке, 4 млрд 64 млн сому жергиликтүү бюджетке түшкөн.