ӨКМ: сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталды
Новость www

Сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Бишкек шаарында-3, Ош шаарында-1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Чүй облусунда 4, Ош облусунда-2 өрт кырсыгы катталган.