COVID-19: Борбор калаада 3 бейтапкана 435 орун түзүлгөн. Учурда 93 орундук бош турат
Новость www

Бишкекте коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн ооруканада 93 орундук бош турат. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди. 

Анын айтымында, борбор калаада 3 бейтапкана 435 орундук түзүлгөн. “Учурда 342 бейтап дарыланууда. Бейтаптардын 254ү орточо оор, 60ы оор, 36сы өтө оор абалда”, - дейт ал. Шамырканова кошумчалгандай, шаарда 13 мобилдүү топ иштөөдө. Мобилдүү топтор 1-январдан тарта 9 миң 939 ПЧР анализ жүргүздү.