Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды
Новость www

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.