Өлкө боюнча 2021-жылга карата зекеттин баасы бекитилди
Новость www

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Аалымдар кеңеши өлкө боюнча 2021-жылга карата зекеттин баасын бекитти. 

Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парзы болот. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир бөлүгү башкача айтканда, 2,5% берилет. 

Зекет төрт нерседен: алтындан, күмүштөн, нак акчадан, соода-сатык ниетинде сатып алынган буюмдардан берилет.