Учурда Ысык-Көл облусунда коронавируска чалдыккан кырк сегиз жаран даарыланууда. Булардын экөөнүн абалы оор. Аймактык дарыгерлер билдиргендей илдет Ысык-Көл району жана Каракол шаарынан көп аныкталып жатат. Эгерде санитардык талаптар сакталбаса, башка район, шаарларда да абал курчуп кетиши мүмкүн. Ал эми алдыда жайкы эс алуу убагы келе жатат.
Бүгүн Ысык-Көл облусунан он адамдан коронавирус аныкталды. Демек вирус эл арасында кайрадан күч алып баштады. Бирок буга аймактагы коомчулук анчейин маани бербегендей. Санитардык эпидемиологиялык борбордун маалыматы боюнча март айына караганда апрель айында Каракол шаары жана Ысык-Көл районунда оору көп катталууда.