20-апрелде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана күзөтүү департаментинин түзүлгөндүгүнө 79 жыл болду.
Датага байланыштуу Чүй облусундагы №1, 27, 31-түзөтүү мекемелерин кайтарган департаменттин 2-батальонунда майрамдык иш-чара болду. Ага аталган кызматтын жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курам катышууда.
Департамент түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана коргоо, соттолгондорду жана камакка алынгандарды коштоп жүрүү, маанилүү мамлекеттик жайларды жана атайын жүктөрдү кайтаруу жана коргоо, коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук тартибин камсыз кылуу боюнча башка күч структураларына көмөк көрсөтүү милдетин аткарат. Департамент 1942-жылы Күзөтүү аскерлеринин 47-бригадасынын, 144-батальону деген аталыш менен түзүлгөн.
www