Бүгүн Баткенде салттуу музыка жумалыгы расмий ачылат
Новость

Бүгүн Баткен облусунда салттуу музыка жумалыгы расмий ачылат.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Иш-чара Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында башталат.

Ошондой эле Бишкек шаарында “Коомдук руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.