Жеке идентификациялык номерлер боюнча арыздарды кароо мөөнөтү кыскартылды
Новость KTRK/videograp

Жарандардын жеке идентификациялык номуру боюнча арыздарды кароо мөөнөтү кыскартылды. Мамлекеттик каттоо кызматы, мурда туура эмес берилген жеке идентификациялык номерлерди оңдоо боюнча жарандардын кайрылуусунун негизинде ишти ыкчамдатты. 

Арыз 1 күндөн 3 күнгө чейинки убакытта акысыз каралат. Жеке идентификациялык номер бала төрөлгөндө күбөлүк менен берилет.