Баткен районунун үч айыл өкмөтүнө өзгөчө абал тартиби киргизилди
Новость www

Баткен районунун үч айыл өкмөтүнө өзгөчө абал тартиби киргизилди. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-апрелден тарта Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилген. Учурда тургундар эвакуацияланып жатат.