Депутаттар Баткен элине айлык акысынан жана өз каражаттарынан жардам беришет
Новость www

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенде өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн айлык акысынан жана өз каражаттарынан тез аранын ичинде жардам беришет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү билдиришти. 

“Эл өкүлү Урмат Саамаев 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражатты Баткен облусуна жөнөттү. Учурда төрага Талант Мамытов баштаган 22 депутат Баткен облусунда жергиликтүү калктан кабар алып, элге гуманитардык жардамдарды таратышууда”, - деп айтылат маалыматта.