Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери ээлеген кызматтарынан бошотулду
Новость KTRK/videograp

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов жана Баткен районунун акими Акылбек Орозов ээлеген кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. 

Өкмөт башчынын дагы бир буйругуна ылайык, Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Абдыманап Жакбаров дагы кызматтан кетти.