Чек арадагы жаңжалдан жабыркаган 101 жарандын абалы учурда туруктуу
Новость www

Тажикстандын куралдуу агрессиясынын жүрүшүндө жабыркап, ооруканага жаткырылган 101 жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 29-апрелде жаракат алган дагы бир жаран кечээ ооруканага жаткырылды. Буга чейин ал медициналык жардам сурап кайрылган эмес.