Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берет
Новость www

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берет. Бул туурасында Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали билдирди. 

Маалымат катчысы эки элдин мурдатан келе жаткан достугун, бир туугандыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүн эске салган. Ал өзүнүн Facebook баракчасына Казакстандын өкмөтү учурда Токаевдин тапшырмасын аткарууга киришкендигин кошумчалаган.