Казакстандын президенти Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады
Новость www

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Чексиз мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка бөлөнгөн бул берекелүү күндөрдө Сизге бекем ден-соолук, түгөнгүс энергия жана бардык ой-тилектердин ийгиликтүү орундалышын, боордош Кыргызстандын ар бир үй-бүлө очогунда бакубатчылыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалайм.

Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү биргелешкен күч-аракеттер менен достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо духунда мындан ары да динамикалуу өнүгө берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.