Чүй облусунда өткөн апта ичинде үч миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Новость www

Чүй облусунун аймагында 10-майдан 16-майга чейин 2 миң 715 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет. 

Маалыматка ылайык, 11 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатып кармалса, 1 152 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкаргандыгы үчүн, 20 айдоочунун жанында тиешелүү документи жол болгону үчүн кармалды. 44 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.