Бишкектин Жумабек көчөсүндөгү "Голд" мейманканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Новость www

Бишкектеги Жумабек көчөсүндө жайгашкан "Голд" мейманканасынан чыккан өрт түнкү саат 12:54тө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет. 

Белгилей кетсек, аталган даректен чыккан өрт саат 22:41де чектөөгө алынгандыгы кабарланган болчу. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.