Бишкек мэриясы акыркы коңгуроо өткөрүү тартибин иштеп чыгууда
Новость www

Бишкек мэриясы акыркы коңгуроону санитардык нормаларды эске алуу менен салттуу режимде өткөрүүнүн алгоритмин иштеп чыгууда. 

Бирок акыркы коңгуроо 100% салттуу режимде өткөрүлөт деп айтууга азырынча эрте,- деп билдирет шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы. Эске салсак, акыркы чечим Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик борбору менен биргеликте кабыл алынат. 

Мындан мурда Билим берүү жана илим министрлиги акыркы коңгуроо салттуу режимде өткөрүлбөй турганын, бардык иш-чаралар онлайн-форматта өткөрүлө турганын билдирген. Ошондой эле, бул жылы бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө дагы тыюу салынган.