Президенттин жарлыгы менен Данияр Мукашев, Алмазбек Бейшеналиев жаңы кызматка дайындалды
Новость www

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Данияр Мукашев Кыргызстандын Щвейцария Конфедерациясындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы жана Сан-Марино Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. 

Мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.