Кумтөр келишимдеринде орун алган коррупциялык көрүнүштөр боюнча 90-жылдардан берки бардык тиешеси бар атка минерлер жазага тартылышы керек. Мындай пикирин бир катар коомдук ишмерлер, эксперттер билдиришүүдө. Бул арада маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда мурдагы президент, премьер министрлер, андан сырткары парламент депутаттары "Центтеррадан" пара катары миллиондогон каражат алып турганы тууралуу маалыматтар тарады.